20/02/2023
Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы бош кызмат орунга сынак жарыялайт:
1. Нарын району боюнча спорт инструктору - 1 бирдик.
Нарын району боюнча спорт инструктору кызматына коюлган квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билимдин денгээли:
- жогорку же атайын орто билими (дене тарбия жана спорт тармагына артыкчылык берилет).
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
-дене тарбия жана спорт тармагында бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу.
Билгичтиги:
- спорттук-массалык мелдештерди уюштуруу;
- календардык пландын аткарылышын камсыз кылуу;
- айлык, кварталдык, жылдык отчетторду даярдоо;
- спорт мектеп жана федерациялар менен тыгыз өз ара аракеттенүү;
Сынакка катышуу үчүн керектуу документтер:
• конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номери менен жеке арызы;
• кадрларды эсепке алуу баракчасы 4,5 х 6,5 сүрөтү;
• резюме;
• паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкуска киргенде көргөзүлөт);
• дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
• аскердик билеттин көчүрмөсү;
• билиминин жогорулатылгандыгы боюнча тастыктаган документтери;
• КР ИИМнен соттолбогондугу жөнүндө справка;
• Дело (документтер учун)
Документтер 2023-жылдын 6-март саат 18-00го чейин, Нарын шаарынын Коммунальная 7 көчөсүндөгү Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кенсесинде кабыл алынат. тел.5-49-68. 0709090966
Квалификациялык талапка жооп берген талапкерлер практикалык тапшырмаларды өтүүгө чакырылат. Практикалык тапшырмаларды өтүүчү жайы жана күнү кошумча маалымданат. Коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт.