Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби

Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, Sports, Кыргызстан, Naryn.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 20/06/2026

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасындагы футзал боюнча Кубогу жыйынтыкталды

Мелдештин жыйынтыгы боюнча:

🥇 1-орун — Ош курама командасы
🥈 2-орун — Бишкек курама командасы
🥉 3-орун — Нарын командасы
🏅 4-орун — Талас командасы

❗️Айрыкча, Нарын командасынын ийгилигине салым кошкон Нарын шаардык «Ала-Тоо» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыгуучулары жана машыктыруучу А. Абдылдаевге терең ыраазычылык билдиребиз.

⚽️ Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, талыкпас эмгек жана мындан аркы ири спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 17/06/2026

📍 Нарын шаарында чоң спорттук иш-чара өттү

2026-жылдын 14-июнь күнү Нарын шаарында «Кыялымдагы Кыргызстан – Нарын 2026» жаштар форумунун алкагында футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Бул форум жаштардын өнүгүүсүнө, жаңы демилгелерди колдоого багытталган масштабдуу иш-чара болуп эсептелет �
Кабар

⚽️ Турнирге жалпы 8 команда катышып, жогорку деңгээлде атаандаштык орун алды.

🏆 Жыйынтык боюнча:
🥇 1-орун — Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары
🥈 2-орун — Теңир-Тоо командасы
🥉 3-орун — Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары

👏 Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!

⚽️ Спорт — достуктун, биримдиктин жана сергек жашоонун булагы!

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 03/06/2026

2026-жылдын 2–3-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы тарабынан уюштурулган «Футбол мектепте» аттуу долбоордун алкагында окуу семинары өткөрүлүүдө. Аталган семинарда Нарын шаардык «Ала-Тоо» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол бөлүмүнүн машыктыруучусу М. Жумакадыров инструктор катары катышып, катышуучуларга практикалык жана теориялык сабактарды өттү.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 15/05/2026

2026-жылдын 15-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында Нарын шаардык “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында Нарын шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү.

Мелдешке шаар мектептеринин окуучулары активдүү катышып, спорттук чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Кыздар арасында

100 метр
🥇 Кааманова Альбина
🥈 Аскарбекова Тамина
🥉 Асанбекова Раяна
400 метр
🥇 Мухамбетова Раяна
🥈 Асанкулова Ынсар
🥉 Касымова Анара
1500 метр
🥇 Эсенбаева Сумая
🥈 Темирбекова Перизат
🥉 Акматова Жанайым

Балдар арасында

200 метр
🥇 Жумамудунов Азиз
🥈 Медетов Алихан
🥉 Эрнисов Алихан
800 метр
🥇 Советов Санжар
🥈 Советов Элмырза
🥉 Токтоналиев Мирлан
3000 метр
🥇 Бектурсунов Жантай
🥈 Айтбеков Ислам
🥉 Абдырахманов Адилет

Жеңүүчүлөрдү чын журоктон куттуктайбыз! 🎉
Орундарыңыздар кут болсун, мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайбыз!

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 10/05/2026

Кыргыз Республикасынын U-14 жаштар арасындагы чемпионатында Нарындын "Ала-Тоо" командасы мыкты оюн көрсөтүп, Тон Ыссык-Көл командасын 4:0 эсебинде жеңип чыкты.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 10/05/2026

Кыргыз Республикасынын U-16 жаштар арасындагы чемпионатында Нарындын "Ала-Тоо" командасы мыкты оюн көрсөтүп, Тон Ыссык-Көл командасын 2:0 эсебинде жеңип чыкты.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 07/05/2026

2026-жылдын 6–7-май күндөрү Нарын шаардык «Ала-Тоо» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин футзал жана футбол бөлүмдөрүнүн тайпалары арасында мелдеш өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун колдоо жана Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналды.

Жаш спортчулар тайманбастык, эрк, биримдик жана жеңишке болгон умтулуу менен күч сынашты. Ар бир оюн — бул жөн гана таймаш эмес, бул мекенге болгон сүйүүнүн, келечекке болгон ишенимдин чагылдырылышы болду.

Мындай мелдештер өсүп келе жаткан муундун духун көтөрүп, аларды чоң жеңиштерге жетелейт. Бүгүнкү жаштар — эртеңки чемпиондор 🇰🇬✨

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 18/03/2026

2026-жылдын 18–31-мартына чейин КРнын 14–16 жаштагы өспүрүмдөр арасында футбол боюнча чемпионатына даярдык көрүү максатында Нарын шаардык «Ала-Тоо» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командалары окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 15/03/2026

2026-жылдын 13–14-март күндөрү Бишкек шаарындагы Кашкулак тоо-лыжа базасында Вальдемар Трелевскийдин жаркын элесине арналган жаш өспүрүмдөр арасында тоо-лыжа спорту боюнча республикалык ачык биринчилик мелдеши өткөрүлдү.
Бул мелдешке жалпы 110 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында:
Биздин Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин Тоо лыжа бөлүмүнүн окуучулары төмөнкүдөй оорундарга ээ болушту:

🏆 2013–2014-ж. балдар арасында
🥈 Аскарбеков Нурэл — 2-орун

🏆 2014–2015-ж. кыздар арасында
🥉 Аскарбекова Фатима — 3-орун

👏 Тоо лыжа бөлүмүн жана спортчуларыбызды ийгилиги менен куттуктайбыз! Мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз.

Photos from Нарын шаардык "Ала-Тоо" балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби's post 27/02/2026

Каракол шаарында 2026-жылдын 26–27-февраль күндөрү тоо лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча Валерий Иосифовичтин элесине арналган Республикалык ачык биринчилик жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаш спортчулар катышып, өздөрүнүн спорттук чеберчилигин жана даярдык деңгээлин көрсөтө алышты.

Мелдештин жыйынтыгында биздин спортчулар байгелүү орундарды камсыз кылышты:
2012–2013-ж.т. балдар арасында:
🥈 Аскарбеков Нурэл — 2-орун

2008–2009-ж.т. балдар арасында:
🥇 Мелисов Нурмухаммед — 1-орун

Чоң балдар арасында:
🥉 Мирбек уулу Эржан — 3-орун

Жаш спортчуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана мындан аркы мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөрдү багындыруусуна тилектешпиз! ⛷️🏆

Want your business to be the top-listed Gym/sports Facility in Naryn?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address

Кыргызстан
Naryn
722900