19/09/2022
Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери жана райондордогу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин кызматкерлеринин Баткен облусундагы жабыр тарткан тургундарга тынчсызданып, элибизге сабыр тилеп, 262 279 ( эки жүз алтымыш эки миң эки жүз жетимиш тогуз миң) сом акчалай которду.
19/09/2022
2022- жылдын 17- сентябрь күнү Ноокат районунун " Бостон" стадионунда, Балдар- өспүрүмдөр спорттук мектебинин окуучулары арасында Ден соолукту чыңдоо жана Спортко кызыктыруу максатында, "Жеңил атлетика" боюнча спорттун түрүнөн мелдеш өткөрүлдү.
19/09/2022
Бүгүн, аза күтүү күнү...
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык,2022- жылдын 19- сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
2022- жылдын 14-17 сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтен улам баатларыбыз каза болду.
Каза болгон баатыларыбызга терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып,кайгысын тең бөлүшөбүз.
08/09/2022
Here’s when your favorite wrestlers from Kyrgyzstan 🇰🇬 will compete at the World Championships (September 10-18).
• Akzhol MAKHMUDOV (Sept. 10-11)
• Tynar SHARSHENBEKOV (Sept. 11-12)
• Aisuluu TYNYBEKOVA (Sept. 12-13)
• Zholaman SHARSHENBEKOV (Sept. 12-13)
• Alibek OSMONOV (Sept. 13-14)
• Aiperi MEDET KYZY (Sept. 13-14)
• Meerim ZHUMANAZAROVA (Sept. 14-15)
• Ernazar AKMATALIEV (Sept 15-16)
• Ulukbek ZHOLDOSHBEKOV (Sept. 17-18)
08/09/2022
2022-жылдын 7-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан, Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгындагы райондордо БӨСМтерине мониторинг жүргүзүп, башкармалыктын жаңы дайындалган начальнигин тааныштырды.
01/08/2022
2022-жылдын 6 айында Кыргызстандык спортчулар жалпы 117 медаль тагынды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Министрликке караштуу Дене тарбия жана спорт департменти тарабынан:
- Хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты (4-дивизион);
- Баткен облусунда Нооруз майрамына арналган улуттук оюндар;
- Кичи футбол боюнча мамлекеттик органдары арасында атайын мелдештер өткөрүлгөн;
- Чоң футбол боюнча Азия кубогуна тандап алуу оюндары уюштурулду.
Мындан тышкары өткөрүлгөн негизги спорттук иш-чаралар:
3-Эл аралык ШКУ Ысык-Көл марафону («Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization»);
Ош шаарындагы А.Суюмбаев атындагы борбордук стадионунда “Алыш” белбоо күрөшү Азия чемпионаты;
“Мектеп лигасы” оюндарынын финалдык беттешүүлөрү;
18-20-июнга чейин “Манас” университетинин спорт залында орто кесиптик окуу жайлар арасында спорттун волейбол түрү боюнча балдар жана кыздар арасында “КОЛЛИ” республикалык финалдык оюндары;
Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги өттү.
Ата Мекендик спортчулардын утуп алган медалдары- 117 медаль: 34 алтын, 35 күмүш жана 48 коло;
Ата Мекендик спортчулар эл аралык мелдешке жөнөтүлдү- 68;
Республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттук-массалык иш-чаралар-79;
Республикалык денгээлдеги спорттук-массалык иш-чаралардын саны-146.
13/07/2022
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппарат кызматкерлеринин жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында футбол жана волейбол боюнча “Достук кубогу” мелдеши башталды.
Иш-чаралар КР Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик жактан өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Бул турнир КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.
05/06/2022
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов Зиядин Исламовичтин колдоосу менен, 2021/2022 окуу жылдын мектеп окуучулары арасында
Мектеп Лигасында
Ош облусунун командаларынын жетишкендиктери,
Волейбол 🏐
Балдар
(Өзгөн) Алтын-Булак командасы 2-орун
200,000 сом
Тренери Советбек уулу Бейшен
Кыздар
Ничке-Сай2 командасы
300,000 сом
Тренери Аттокур уулу Канат
Баскетбол 🏀
Ноокат
Бостон командасы
Кыздар
3-орун
100,000сом
Тренери Абдусаитов Азамат
Футбол ⚽️
Араван
Т.Исмаилов командасы.
2-орун
300,000 сом
Алимов Ибрахим.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов Зиядин Исламовичке,
Ошондой эле мелдеш учурунда спортчуларды колдоп келген спорт күйөрмандарына терең ыраазычылык билдиребиз..
23/05/2022
Үзүрлүү эмгектенип, тынымсыз аракеттин артынан бааланган наам.
Ош облусунун Араван районунун Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Султанов Исамидин Мадакимович Эл аралык даражадагы спорттун Чебери наамы алышы менен куттуктайбыз. Мындан ары да талыкпай эмгектенип, келечек жаш муундарын тарбиялап өстүрө беришиңизге тилектешбиз.