Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси

Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси, Sport & recreation, Кыргызская Республика, Таласская область, Talas.

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 30/09/2025

"МАНАС ОРДО" жаңы унаа менен толукталды

КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине 15 орундуу жаңы үлгүдөгү микробус тапшырды. Бүгүн “Манас Ордо” комплексинде жалпы жамааттын катышуусунда жаңы көлүктү кабылдоо салтанаты болуп өттү. Анда комплекстин башкы директору Камил Мамадалиев кичи автобустун “Манас Ордо” комплексине тапшыруу таржымалы менен тааныштырып, мындан ары комплекстин кызматкерлеринин кызматында болорун белгиледи. Аксакалдар жаңы унаа ак жолтой болуп, мекемеге ак кызмат кылсын деп бата тилешип, “Дөөтү пири” колдосун деген жөрөлгө менен энелер чачыла чачып, ак тилектери менен аластоо ырымын жасашты.
Аймактардагы жаштардын демилгесин колдоо менен жергиликтүү логистиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине “Манас Ордо” комплексинин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз.

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 11/08/2025
Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 04/08/2025

УРМАТТУУ ТАЛАС ОБЛУСУНУН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА КОНОКТОРУ!!!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин 2025-жылдын 10-июлундагы №91-катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 30.07.2025-жылдын №489-буйругуна ылайык, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жана кызматкерлердин коопсуздугунун, музей фонддорунун сакталышын камсыз кылуу максатында

- реконструкциялоо, оңдоп-түзөө жана курулуш иштери аяктаганга чейин Комплекстин аймагына зыяратчылардын жана башка коноктордун кирүүсү 2025-жылдын 1-августунан тартып убактылуу токтотулгандыгын билдиребиз.

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 04/06/2025

СИЗДИН СЫЙЛЫК - ЖАЛПЫ СЫЙМЫК
Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында өткөн “Сейтек” эпосун айтуучулар арасында кароо-сынагына Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин кенже илимий кызматкери, манасчы Молдошев Уран да катышкан. Жыйынтыгында III орунду ээлеп, акчалай сыйлык менен сыйланды. Сиздин сыйлык жалпы “Манас Ордо” жамаатынын сыймыгы. Куттуктайбыз.

#УЛУУБАЯН
#МАНАСОРДО
#СЕЙТЕК

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 01/06/2025

БАКТЫЛУУ ЖЫЛМАЙГАН БАЛАЛЫК
Бул өзгөчө күндү Манас ордо комплексинде майрамдык шаң менен тосуп алдык!

Балдар Манас айтып, ырдап, оюндун түрүн ойноп, чыныгы майрамдык маанайда болушту. Күлкү, шаттык, балдардын кубанычы – баары биригип кереметтүү күнгө айланды!

Дүйнөнүн бардык балдары тынчтыкта, сүйүүдө, бактылуу балалыкта жашасын! Бул күн – алардын таза жүрөгүнө, жарык келечегине арналган.

#1Июнь
#БалдардыКоргооКүнү
#МанасОрдо
#БактылууБалалык
#БалдарБиздинКелечек

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 30/05/2025

Урматтуу Талас облусунун тургундары жана коноктору!

Сиздерди 2025-жылдын 31-майында өтүлүүчү "Манас деми" чуркоо марафонуна чакырабыз!
Спорттук иш-чаранын программасы:
08:00 - Улуттук Манас Ордо комплексинде старттык жана фиништик аймактын ачылышы
08:20 - жалпы көнүгүү жасоо
08:30 - иш-чаранын расмий ачылышы
08:50 - чуркоого даярдануу
09:00 - жарым марафонго старт берилет (21 км 97,5 м)
09:03 - 10 км аралыкка старт берилет
09:06 – 3 км аралыкка старт берилет
09:09 – 1 км аралыкка (мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн) старт берилет.
Сыйлоо аземи:
11:00 – 1 км аралыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
11:30 – 3 км аралыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
12:00 – 10 км аралыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
12:30 жарым марафондун жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алмакчы.
Эскертүү! Старттык пакеттер жергиликтүү катышуучулар үчүн 29-май күнү, башка аймактан келген катышуучулар үчүн 30 – май күнү саат 10:00 дон кечки 21:00 га чейинки аралыкта Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында берилет.
Жалпыӊыздарды сергек жашоону даңазалаган спорттук иш-чарага жигердүү катышууга чакырабыз!
Кошумча маалымат үчүн: 0703907992

УРМАТТУУ "МАНАС ОРДО" КОМПЛЕКСИНЕ КЕЛГЕН ЗЫЯРАТЧЫЛАР ЖАНА КОНОКТОРУ ЖОГОРУДАГЫ ИШ-ЧАРАГА БАЙЛАНЫШТУУ 30-31-МАЙ КҮНДӨРҮ ТҮЛӨӨКАНА МЕНЕН "ОРДОГО" ТҮЛӨӨЛӨР КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ.
ЖАРАЛГАН ЫҢГАЙСЫЗДЫК ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙБЫЗ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ МЕНЕН КАБЫЛ АЛАТ ДЕП ИШЕНЕБИЗ.

ТҮЛӨӨСҮ ӨТӨ ЗАРЫЛ БОЛГОНДОРУ "КАНЫКЕЙ АПА БУЛАГЫНА" БАРЫП ӨТКӨРСӨҢҮЗДӨР БОЛОТ

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 28/05/2025

"МАНАС ОРДО" КОМПЛЕКСИНДЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

2025-жылдын 28-май күнү "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплексинде өзгөчө маанидеги иш-чара – жалпы жамаатты жана комплекске кызматташып келген ишкерлерди сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты – комплекстин ишмердүүлүгүнө салым кошуп келе жаткан кызматкерлердин жана өнөктөш ишкерлердин эмгегин баалоо, алардын аркасында аткарылган ири иштерди белгилеп өтүү болду.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө "Манас Ордо" комплексинин жетекчилиги ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирип, Ардак Грамоталар жана эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле, мындан ары дагы биргеликте иш алып барып, улуттук маданиятты жана тарыхты даңазалоого салым кошуу багытындагы тилектер айтылды.

Мындай иш-чаралар кызматташууну бекемдеп, келечектеги ийгиликтерге шыктандырары талашсыз.

#Улуубаян
#Манасордо
#музейкүнү

Photos from Кыргызский национальный комплекс "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплекси's post 21/05/2025

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ "МАНАС ОРДОДО"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплекси менен таанышып, Манастын күмбөзүнө зыярат кылды.
Андан соң, "Манас эпосу" музейинин жыйын залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Алардын ичинде Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексинин реконструкциялоо иштери дагы бар.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программаларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

#Улуубаян
#Манасордо
#Талас
#Манас

Want your business to be the top-listed Gym/sports Facility in Talas?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address

Кыргызская Республика, Таласская область
Talas