31/07/2026
Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
–мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна 2 бирдик;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (башкы адис):
1) Билими;
- жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамдарын билүү.
- Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектеби, региондук олимпиадалык резерв мектеби, республикалык спорт колледжи, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар жана "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция жөнүндө типтүү жобосун 20.12.2024-ж.№776;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтомун 26.08.2008-ж. №471;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук мекемелерде тамактануун акчалай нормалары жөнүндө” токтомун 15.01.2008-ж. №7;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомун 10.02.2012-ж. №85;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтомун 23.11.2018-ж. №554;
- мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштеген стажына пайыздык үстөк акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө 02.02.2022-ж.№25;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
өзүнүн арызы;
резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 15-август күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:
https://youtu.be/QURPIVr6z_E?si=evFh70sflA4BojKr
Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так болушу керек.
Дареги: Талас шаары Манас көчөсү №43, Тел. /03422/ 5-31-01. Моб. 0557855814; 0700144023(whatsapp)
22/07/2026
Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторуна жаңы башчы дайындалды
2026-жылдын 22-июлунан тартып Кенжетаева Чынара Сүйөржановна Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы болуп дайындалды.
Кенжетаева Чынара Сүйөржановна жогорку билимдүү. Ал И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Башкаруу жана бизнес институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
2005-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясына караштуу №2 муниципалдык аймактык башкарууда кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адис болуп эмгек жолун баштаган.
2010–2016-жылдары аталган мекемеде кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис болуп иштеген.
2016-жылы Талас облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгына спорт боюнча адис болуп дайындалган.
2025-жылы Талас облусунун Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп дайындалган.
29/06/2026
Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын карамагындагы Манас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине мүдүр болуп Мырзакеримов Элман Мейманбекович дайындалды.
2026-жылдын 18-июнунан тартып Элман Мырзакеримов Манас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин мүдүрү болуп дайындалды.
Жогорку билимдүү, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын (КМДТжСА) аяктаган.
Эмгек жолу:
• 2018-жыл — футбол боюнча машыктыруучу
• 2022-жыл — усулчу
• 2024-жыл — мүдүрдүн орун басары
22/06/2026
Талант Бегалиев Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Бүгүн 22-июндан тартып, Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна Талант Бегалиев 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Бегалиев Талантбек Шабданович 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
• Фрунзе шаарынын Октябрь районунда адистиги боюнча эмгек ишмердүүлүгүн баштаган
• Ленин районундагы №5 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеген
• Москва районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп эмгектенген
• 2021-жыл Грецияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону
• Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.
***
Талант Бегалиев назначен начальником Таласского областного управления физической культуры и спорта
С 22 июня Талант Бегалиев назначен на должность начальника Таласского областного управления физической культуры и спорта с испытательным сроком на три месяца.
Талантбек Шабданович Бегалиев в 1986 году окончил Кыргызский государственный институт физической культуры.
Трудовая деятельность:
• Начал трудовую деятельность по специальности в Октябрьском районе города Фрунзе.
• Работал тренером в детско-юношеской спортивной школе № 5 Ленинского района.
• Возглавлял детско-юношескую спортивную школу Московского района в должности директора.
• В 2021 году стал чемпионом мира по вольной борьбе, прошедшего в Греции.
• Заслуженный мастер спорта Кыргызской Республики.
16/06/2026
🏆 2026-жылдын 11–14-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында кыргыз күрөшү боюнча II Азия чемпионаты өттү.
Азиянын 20га жакын өлкөсүнөн келген мыкты балбандардын катышуусунда ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкө намысын татыктуу коргоп, мыкты жыйынтыктарды көрсөттү. Бул ийгиликтер кыргыз күрөшүнүн эл аралык аренадагы аброю улам өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.
Талас облусунун спортчулары да чемпионатта ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды ээлешти:
🥇 Израил уулу Шамшидин (96 кг) — I орун, алтын медаль;
🥉 Эстебесов Арлен (72 кг) — III орун, коло медаль.
Аталган спортчулар Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын карамагындагы Бакай-Ата райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин кыргыз күрөшү боюнча машыктыруучулары.
🥇 Алымбеков Сымбатбек (60 кг) — I орун, алтын медаль.
Аталган спортчу Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын карамагындагы Манас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин кыргыз күрөшү боюнча машыктыруучусу.
👏 Талас облусунун спортчуларын жана машыктыруучуларын жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз! Жаңы жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз! 🇰🇬🏆💪
15/06/2026
Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатындагы ийгиликтер
2026-жылдын 8–14-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Корумду айылында кол күрөш (армрестлинг) боюнча чоңдор арасындагы XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өткөрүлдү.
Мелдеште Кыргызстандын намысын татыктуу коргогон Талас облусунун спортчуларыбыз төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти:
🥇 Жоробеков Нурасыл (ДЦП, 55 кг, отуруп күрөшүү) — алтын медаль.
🥇🥇 Салиев Искак (60 кг, туруп күрөшүү) — сол жана оң кол боюнча эки алтын медаль.
🥇🥇 Фаридин уулу Кутман (U-23, +65 кг, отуруп күрөшүү) — сол жана оң кол боюнча эки алтын медаль.
🥈 Кенешбеков Бекболот (U-23, 65 кг, отуруп күрөшүү) — сол кол боюнча эки күмүш медаль.
🥇 Милана (70 кг) — сол кол боюнча алтын медаль.
🥈🥈 оң кол боюнча эки күмүш медаль.
🥈🥈Озубекова Элдана ( кадет, 70 кг,) - сол кол боюнча эки күмүш медаль.
🥇🥈🥈Садыркул уулу Бекболот ( чондор арасында, 75 кг, ) сол кол боюнча эки күмүш, оң кол боюнча бир алтын медаль.
🥉🥉🥉Садыркулова Гульзада (чондор арасында, 80 кг) сол кол боюнча үч коло медаль.
🥉🥉🥉Күмүшбеков Байэл ( чондор арасында, 45 кг) оң кол боюнча үч коло медаль.
Спортчулар Талас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин кол күрөш боюнча машыктыруучусу Нурлан Жоробековдун жетекчилиги алдында машыгышат. 💪
Спортчуларыбызды жана алардын машыктыруучуларын жогорку жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, жаңы жеңиштерди багындыра беришине тилектешпиз! 👏🏆🇰🇬
09/06/2026
Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын карамагындагы Манас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Султанов Акимжан Марыпбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат.
Султанов Акимжан Марыпбекович 1965-жылдын 14-апрелинде туулган. Ал өмүрүнүн көп жылдарын дене тарбия жана спорт тармагына арнап, жаш муундарды тарбиялоого жана грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө үзүрлүү эмгек кылып келген.
2010-жылдан тартып Манас райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенип, кийинчерээк ошол мектепти жетектеп, спорттун өнүгүшүнө, жаш спортчулардын ийгиликтерге жетишине жана тажрыйбалуу машыктыруучу катары көптөгөн тарбиялануучулардын калыптанышына зор салым кошкон.
Акимжан Марыпбекович өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, жогорку кесипкөйлүгү жана ишине болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен кесиптештеринин, спортчуларынын жана жалпы спорт коомчулугунун терең урмат-сыйына ээ болгон.
Анын жаркын элеси аны менен бирге эмгектенген кесиптештеринин, тарбиялаган спортчуларынын жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.