Ассоциация футзала Кыргызской Республики

Ассоциация футзала Кыргызской Республики

Share

Ассоциация футзала Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясы

10/08/2026

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Уланбек Чоробек уулу Өзбекстандын «Самарканд» клубуна өттү! 🧤⚽️

Буга чейин Уланбек Өзбекстандын «Насаф» клубунун намысын коргоп келген. Ошондой эле 2025-жылы өткөн UZBEKISTAN FUTSAL AWARDS сыйлыгын тапшыруу аземинде «Мыкты дарбазачы» номинациясынын жеңүүчүсү болгон. 🏆🧤

Эми кыргызстандык дарбазачы карьерасын «Самарканд» клубунда улантат. 🇰🇬🤝🇺🇿

Уланбекке жаңы клубунда ийгиликтерди жана көптөгөн жеңиштерди каалайбыз! 💪🔥

09/08/2026

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Амандык уулу Денисбек казакстандык ELORDA клубу менен келишим түздү. ✍️⚽

Өткөн сезондо Денисбек Кыргызстандын Суперлигасында «Toyota» клубунун намысын коргоп, командасы менен бирге 2025/26 сезонунун чемпиону аталды. 🏆

Ошондой эле Денисбек сезонду мыкты өткөрүп, Суперлиганын мыкты бомбардири болду. ⚽🔥

Жаңы сезондо Амандык уулу Денисбек ELORDA клубунун курамында оюн көрсөтүп, жаңы ийгиликтерди багындырууну көздөйт.

🇰🇬 Жаңы командасында ийгилик каалайбыз! Жеңиштер көп болсун! 💪🔥

Photos from Ассоциация футзала Кыргызской Республики's post 07/08/2026

🏆 ТУРНИРДИН МЫКТЫЛАРЫ! 🌟

Эл аралык өспүрүмдөр арасындагы U-15 футзал боюнча мелдештин жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн оюнчулар атайын жеке сыйлыктар менен сыйланышты. 👏⚽

🏅 Мыкты дарбазачы — Аскаров Эмир (Бишкек)
🛡️ Мыкты коргоочу — Калдарбеков Элдияр (СДЮШОР СИ)
⚽ Мыкты бомбардир — Мелисбеков Анвар (Бишкек)
⭐ Мыкты оюнчу — Жанабай Алихан (Тараз)

Жеке сыйлыктардын ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар бириңерге чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди, жаркын жеңиштерди жана чоң спорттук бийиктиктерди каалайбыз! 👏🏆

Photos from Ассоциация футзала Кыргызской Республики's post 07/08/2026

🏆 СЫЙЛОО АЗЕМИ

✨ U-15 өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, мыкты командалар жана өзгөчөлөнгөн оюнчулар салтанаттуу түрдө сыйланышты. 👏

🥇🥈🥉 Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медалдар жана дипломдор менен сыйланышса, ар бир беттештин жана турнирдин мыкты оюнчуларына атайын сыйлыктар тапшырылды.

🎉 Бардык командаларды жана сыйлык ээлерин куттуктайбыз! Жаш спортчуларга келечекте дагы чоң ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз! ⚽🏆

07/08/2026

⏱️ MVP

⭐️ Финалдык беттештин эң мыкты оюнчусу болуп Долоталиев Нурислам (Бишкек) табылды! 👏🏆

💥 Турнирдин чечүүчү оюнунда мыкты оюн көрсөтүп, командасынын чемпион болушуна чоң салым кошкон Нурислам татыктуу түрдө финалдын MVP сыйлыгына ээ болду.

🎉 Куттуктайбыз! Мындан аркы мелдештерде дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз! ⚽💙

Photos from Ассоциация футзала Кыргызской Республики's post 07/08/2026

⏱️ FULL TIME

🏆 Бишкек командасы финалда мыкты оюн көрсөтүп, СДЮШОР СИ командасын 5:0 эсебинде жеңип, U-15 өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдештин чемпиону аталды! 🥇👏

🔥 Команда турнир бою ишенимдүү оюн көрсөтүп, татыктуу түрдө чемпиондук наамды жеңип алды!

🎉 Бишкек командасын чемпиондук менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаш футболчуларга мындан аркы мелдештерде дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз! 💙⚽

07/08/2026

🏅 MVP

👏 Дарибаев Мансур (Тараз) үчүнчү орун үчүн болгон беттеште мыкты оюн көрсөтүп, беттештин эң мыкты оюнчусу (MVP) деп табылды! 🌟⚽

🥉 Мансурду татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз! Анын мыкты оюну командасынын коло байгеге ээ болушуна чоң салым кошту. Мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайбыз! 💪🏆

07/08/2026

🏅 MVP

👏 Мелисбеков Анвар (Бишкек) жарым финалда мыкты оюн көрсөтүп, беттештин эң мыкты оюнчусу (MVP) деп табылды! 🌟⚽

💚 Анварды татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз! Финалдык беттеште да ийгиликтүү оюн көрсөтүп, командасына жеңиш алып келүүсүн каалайбыз! 🏆💪

Photos from Ассоциация футзала Кыргызской Республики's post 07/08/2026

⏱️ FULL TIME

🔥 Бишкек командасы жарым финалда ишенимдүү оюн көрсөтүп, Таразды 5:2 эсебинде жеңип, U-15 өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдештин финалына жолдомо алды! 👏⚽

🏆 Команданы финалга чыгышы менен куттуктайбыз! Чечүүчү беттеште ийгилик жана жеңиш каалайбыз! 💪🇰🇬

07/08/2026

🏅 MVP

👏 Азатов Азамат (СДЮШОР СИ) жарым финалда мыкты оюн көрсөтүп, беттештин эң мыкты оюнчусу (MVP) деп табылды! 🌟⚽

💙 Азаматты татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз! Финалда да ийгиликтүү оюн көрсөтүп, командасына жеңиш алып келүүсүн каалайбыз! 💪🏆

Want your business to be the top-listed Gym/sports Facility in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address


Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00