29/05/2026
МЕН ЧЕМПИОН
📢 "МЕН ЧЕМПИОН" республикалык оюндарынын облустук этабында НШБӨСМ спортчулары ийгиликтүү оюн көрсөтүүдө
Учурда Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында өткөрүлүп жаткан республикалык "МЕН ЧЕМПИОН" спорттук оюндарынын облустук этабы өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.
Нарын облусунда бул ири спорттук мелдештер 2026-жылдын 25-майынан тартып өткөрүлүп, ага облус аймагындагы спорт мектептеринин жаш тарбиялануучулары катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө.
🏆 Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (НШБӨСМ) спортчулары да мелдешке активдүү катышып, төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты:
🏀 Баскетбол боюнча 🥇 Балдар командасы — 1-орун
🥇 Кыздар командасы — 1-орун
🏐 Волейбол боюнча 🥇 Балдар командасы — 1-орун
🥇 Кыздар командасы — 1-орун
🤼 Грек-рим күрөшү боюнча 🥈 Командалык эсепте — 2-орун
🥊🎾 Алдыда бокс жана теннис боюнча мелдештер өтүп, спортчуларыбыздан дагы жакшы жыйынтыктарды күтүүдөбүз.
✅ Облустук этапта жеңишке жетишкен жаш спортчулар Жалал-Абад шаарында өтө турган республикалык финалдык этапка жолдомо алышат.
👏 Жаш спортчуларыбызды жана алардын машыктыруучуларын жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы ийгиликтерди, бийик жетишкендиктерди жана жаркын жеңиштерди каалайбыз!
🇰🇬 Жеңишке умтулган жаштар — өлкөбүздүн келечеги! 💪🏆
25/03/2026
🥋 КАРАТЕ-ДО 🥋
🗓️ 2026-жылдын 14–15-март күндөрү Бишкек шаарында каратэ-до SKIF боюнча “Bishkek Cup” эл аралык турнири болуп өттү.
Бул мелдешке Нарын шаарынын намысын коргоп Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (НШБӨСМ) жаш каратэчилери катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келишти. 💪🥋
🏆 Жыйынтыгы:
🥇 1-орун (ката жана кумите программалары боюнча):
• Асымкулова Алина
• Өскөнбаева Нурай
🥈 2-орун:
• Аскарбеков Эрбол
• Мусаев Актан
• Жолоева Ямина
• Мурзабекова Бермет
• Таалайбекова Айзирек
🥈 Командалык ката (10–11 жаш кыздар арасында):
• Эркинбекова Наима
• Жолоева Ямина
• Жыргалбаева Айдай
🥉 3-орун (9–10 жаш балдар арасында):
• Дюшеков Данияр
• Жумалиев Али
• Усеков Залкар
👨🏫 Машыктыруучу: Кыдыралиев Кенжегул
👏 Жаш спортчуларыбызды жана машыктыруучусун куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз! 🌟
☑️ Мелдешке барып-келүү чыгымдары Нарын шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан каржыланды.
#НШБӨСМ
#НарынСпорт
#Каратэ
#ЖашСпортчулар
#ЖеңишБиздики
06/03/2026
🏓 Нарын облусунун ачык биринчилиги болуп өттү
2026-жылдын 21-февраль күнү Жумгал районунун Чаек айылында Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына, 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө жана Баткен согушунда курман болгон баатыр жоокер Иманбек уулу Жеңишбектин жаркын элесине арналган стол үстүндөгү теннис боюнча Нарын облусунун ачык биринчилиги өткөрүлдү.
Мелдешке Нарын району, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунан жана Нарын шаарынан келген спортчулар 4 жаш курак боюнча күч сынашты.
🏆 Жыйынтыгында Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучулары жана окуучулары жакшы ийгиликтерди жаратышты:
🥇 Кыздар арасында — Муратбекова Элина — 1-орун
🥈 Эркектер арасында (35 жашка чейин) — Абдыласов Алсейит — 2-орун
🥉 Эркектер арасында (35–50 жаш) — Таалайбек уулу Мирлан — 3-орун
☑️ Мелдешке барып-келүү чыгымдары Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан каржыланды.
#НШБӨСМ
#НарынСпорт
#СтолҮстүндөгүТеннис
#ЖашСпортчулар
#ЖеңишБиздики
26/02/2026
БОКС
📢 2026-жылдын 15–22-февраль күндөрү Комсомольск-на-Амуре шаарында Россиянын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган “Орус жоокерлеринин курман болгондордун жаркын элесине” арналган эл аралык турнир болуп өттү.
🥊 Турнирде 2008–2009-жылы төрөлгөн жаш боксчулар күч сынашты.
Бул мелдешке Нарын шаарындагы Газпром балдарга спорт мектебинде машыгып жаткан 2 жаш спортчубуз катышып келишти. Турнирдин жүрүшүндө спортчуларыбыз Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.
🏆 Жыйынтыгында:
🥉 Абылмажинов Байэзет (2008-ж., 57 кг) — III орун
🥊 Машыктыруучусу: Абдраев Жанузак
👏 Спортчубузду жетишкен ийгилиги менен куттуктайбыз! Мындан аркы мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөрдү жаратып, байгелүү орундарды багындыра беришине тилектешпиз.
☑️ Мелдешке барып-келүү чыгымдары өздүк каражат жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
#НШБӨСМ
#НарынСпорт
#Бокс
#ЖашСпортчулар
#ЖеңишБиздики
22/02/2026
НАРЫН ОБЛУСУНДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ТАНДОО ТУРНИРИ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
🏐Нарын облусу боюнча 2009–2010-жылы төрөлгөн балдар жана кыздар арасында облустук курама команданы аныктоо максатында волейбол боюнча тандоо турнири өткөрүлдү. Турнир Нарын облусунун волейбол федерациясы жана НШБӨСМ тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен каржыланды.
📅 14-февраль — Кыздар
🔹 2009-жылы төрөлгөн кыздар арасында:
🥇 1-орун — Нарын Газпром командасы
🥈 2-орун — Кочкор командасы
🥉 3-орун — Ат-Башы командасы
🔹 2010-жылы төрөлгөн кыздар арасында:
🥇 1-орун — Ат-Башы командасы
🥈 2-орун — Кочкор командасы
🥉 3-орун — Нарын Газпром командасы
📅 21-февраль — Балдар
🔹 2009-жылы төрөлгөн балдар арасында:
🥇 1-орун — Ат-Башы командасы
🥈 2-орун — Нарын Газпром командасы
🥉 3-орун — Жумгал командасы
🔹 2010-жылы төрөлгөн балдар арасында:
🥇 1-орун — Кочкор командасы
🥈 2-орун — Жерге-Тал командасы
🥉 3-орун — Ат-Башы командасы
🏐 Турнирдин жыйынтыгында мыкты оюнчулар тандалып алынып, Нарын облусунун курама командасы түзүлдү. Эми алар республикалык мелдештерде облус намысын коргоп чыгышат.
Жаш спортчуларга ийгилик, бекем ден соолук жана чоң жеңиштерди каалайбыз! 💪🏆
22/02/2026
ГРЕК - РИМ КҮРӨШҮ
📢 2026-жылдын 7–8–9-февраль күндөрү Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча U-17 кадеттер арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
🤼 Бул турнирге “Газпром балдарга” шаардык спорт мектебинде машыгып жаткан жаш спортчуларыбыз катышып, намысты коргоп келишти.
🏆 Жыйынтыгында:
🥈 Кубатов Нурлуутан (80 кг) — II орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына кирди.
👤 Машыктыруучусу: Асангазиев Кубат.
Спортчубузду жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөрдү, чоң жеңиштерди каалайбыз!
☑️ Мелдешке барып-келүү чыгымдары Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан каржыланды.
20/02/2026
🥊 БОКС 🥊
📢 2026-жылдын 26–31-январь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын бокс боюнча 2010–2011-жылы төрөлгөн жаш өспүрүмдөр арасындагы биринчилиги болуп өттү.
🥊 Бул турнирге Нарын облусунун курамасынан 17 жаш спортчубуз катышып келишти. Мелдештин жүрүшүндө спортчуларыбыз Нарындын намысын татыктуу коргоп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алышты.
🏆 Жыйынтыгында:
Дюшекеев Ынтымак (54 кг) — II орун
Тыныбеков Бекжан (42 кг) — II орун
Натиев Даниель (63 кг) — III орун
👨🏫 Машыктыруучулары: Өмүргазиев А., Абдыкалыков Марат.,
👏 Спортчуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы мелдештерде дагы жогорку ийгиликтерди каалайбыз!
☑️Мелдешке барып, келүү чыгымдары Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан каржыланды.
#НШБӨСМ
#НарынСпорт
#Бокс
#ЖашСпортчулар
#ЖеңишБиздики
20/02/2026
🏀 БАСКЕТБОЛ 🏀
📢 2026-жылдын 21–27-январь күндөрү Кант шаарында Кыргыз Республикасынын КБЛ Junior баскетбол боюнча U-16, U-18 жаш курактарындагы балдар жана кыздар арасында чемпионаты болуп өттү.
🏀 Турнирге Газпром балдарга шаардык спорт мектебинде окуп, машыгып жаткан жаш спортчуларыбыз катышып келишти. Командаларыбыз татыктуу оюн көрсөтүп, келечекке чоң үмүт жаратты. Кийинки турлардын жыйынтыгы менен чемпион болушат деген ишенимдебиз.
👨🏫 Машыктыруучулар:
U-18 кыздар командасы — Нусубалиев Нурбек
U-16 балдар командасы — Жаныбеков Эмир
☑️ Мелдешке барып-келүү чыгымдары Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан каржыланды.
#НШБӨСМ
#НарынСпорт
#Баскетбол
#ЖашСпортчулар
#ЖеңишБиздикиБАСКЕТБОЛ