Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы

Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы, Sports, Naryn.

11/04/2021

Эрназар Акматалиев чыныгы чемпиондук мүнөзүн көрсөтүп, 65 кг салмакта Алматыда өтүп жатат лицензиялык мелдеште алтын медаль тагынды! 🇰🇬✊

Чечүүчү беттеште кыргыз балбаны Иран өлкөсүнүн спортчусун 15:13 эсебинде утуп алды!

Бул салмак категорияда кагаз бетине фаворит деп башка балбандар жазылганы менен, килем үстүндө ким фаворит экенин далилдеди!

Куттуктайбыз, чемпион! Алдыда Олимпиада күтүп турат.🇰🇬

23/02/2021

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.
🌾Майрамыңыздар менен!🌾

Photos from Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы's post 06/02/2021

🏐🏐🏐🏐🏐🏐
Бүгүн Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында О.Орозалиев атындагы спорт мектебинде кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.
🔅Турнир райондук денгээлде өтүп, жалпысынан 6 команда катышты алар:
Кызарт айылынан 2 команда, Чаектен айылынан 1 команда, Өрнөк айылынан 1 команда, Миң-Куштан шаарчасынан 2 команда.
🔅1-орун Кызарт айылынын командасы алса
2-орунду Миң-Куш шаарчасынын командасы алды, ал эми
3-орунду Кызарт айылынын командасы ээледи.
Жеңүүчүлөр диплом жана медаль менен сыйланышты.

🇰🇬KyrgyzstanНарын







#Нарын
#АкТалаа
#АтБашы
#Нарын
#Кочкор
#Жумгал
#Нарын


25/01/2021
Photos from Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги's post 25/01/2021
Photos from Нарын облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы's post 23/01/2021

🔵2021-жылдын 21-январь күнү Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев менен Борбордук Азия Университетинин (БАУ) өкүлдөрү Нуржан Албанов (юридикалык маселелер боюнча директору) жана Акылбек Чымырбаев (БАУнун Нарын шаарындагы кампусунун Коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү) менен жолугушуу болуп өттү.
🔹Жолугушуунун максаты-БАУнун студенттери менен Нарын облусундагы жаштардын ортосундагы спорт жана жаштар багытындагы кызматташуусун чыңдоо, шаардык, облустук жана республикалык спорттук мелдештерге тартуу. Бул теманын алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
🔹Биз ар дайым кызматташууга даярбыз.
#УЦА
🇰🇬KyrgyzstanНарын







#Нарын
#АкТалаа
#АтБашы
#Нарын
#Кочкор
#Жумгал
#Нарын
#🇰🇬Kyrgyzstan

19/01/2021

«Алдыңкы спортчулар. Токио 2021» рубрикасы

Достор, сиздер үчүн жакшы жаңылыгыбыз бар! «Алдыңкы спортчулар. Токио 2021» рубрикасын баштап жатабыз. Бул жылы Токио шаарында (Япония) # # жайкы Олимпиада оюндары өтөт. Биз келе жаткан ири эл аралык мелдеште биздин өлкөбүздүн намысын коргой турган ата мекендик алдыңкы спортчуларыбыз жөнүндө айтып бергибиз келет. Бүгүн Денис Петрашов жөнүндө айтып беребиз.

Петрашов Денис Евгеньевич
Спорттун түрү: сууда сүзүү
2000-жылдын 1-февралында Бишкек шаарында туулган
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-курсунун студенти.
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Петрашов Евгений Георгиевичтин жетекчилигинин алдында машыгып келет.
Сууда сүзүү менен 5 жашынан машыгат. Ошондой эле чоң теннис спортуна кызыгат. 2016-жылы сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чеберинин нормативин аткарган.

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында төмөнкү жетишкендиктерге жетти:
- сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын рекордсмени;
- 2016-жылы «Азиянын балдары» эл аралык спорттук оюндарынын чемпиону (200 м. брасс);
- 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарындагы (Бразилия) 31-чи жайкы Олимп оюндарына катышкан;
- 2017-жылы Ташкентте (Өзбекстан) Азиянын чемпиону жана күмүш медалдын ээси (юниорлор) (50 м, 100 м, 200 м брасс);
- 2018-жылы 51 Challenge International de Geneve, Luxembourg Euro Meet эл аралык мелдештердин чемпиону, Gran Prix Slovakia Bratislava мелдешинин күмүш медалдын ээси, Golden Tour Paris мелдешинин коло медалдын ээси.
- 2018-жылы Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина) өткөн өспүрүмдөр арасындагы үчүнчү жайкы Олимп оюндарынын күмүш медалдын ээси (100 м брасс);
- 2019-жылы Gran Prix Slovakia эл аралык мелдешинин чемпиону;
- 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатынын чемпиону жана күмүш медалдын ээси (200 м, 100 м брасс);
- 2019-жылы Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 1 мин 0,94 көрсөткүчү менен Токиодо өтө турчу Олимп оюндарына лицензияны алган;
Жогорку жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын сааты менен сыйланган.

**********************************************

Рубрика «Ведущие спортсмены. Токио 2021»

Друзья, рады сообщить вам, что мы начинаем новую рубрику «Ведущие спортсмены. Токио 2021». В этом году в городе Токио пройдут # # летние Олимпийские игры. Мы хотим рассказать вам о ведущих отечественных спортсменах, которые будут представлять нашу страну на предстоящих крупнейших международных соревнованиях. Сегодня расскажем о Денисе Петрашове.

Петрашов Денис Евгеньевич
Вид спорта: плавание
Родился 1 февраля 2000 года в городе Бишкек
Мастер спорта Кыргызской Республики международного класса по плаванию.
Студент 2 курса Кыргызской Государственной академии физической культуры и спорта.
Тренируется под руководством Заслуженного тренера Кыргызской Республики по плаванию Петрашова Евгения Георгиевича.
Плаванием занимается с 5 лет. Также увлекался большим теннисом. В 2016 году выполнил норматив мастера спорта Кыргызской Республики международного класса по плаванию.

В составе национальной сборной команды Кыргызской Республики по плаванию показал следующие результаты:
- рекордсмен Кыргызской Республики по плаванию;
- в 2016 г. стал чемпионом на международных спортивных играх «Дети Азии» (200 м брассом);
- в 2016 г. принял участие на 31-х летних Олимпийских играх в Рио-де-Жанейро (Бразилия);
- в 2017г. стал чемпионом и серебряным призером Азии (юниоры) в Ташкенте (Узбекистан) (50 м, 100 м, 200 м брассом);
- в 2018 году стал чемпионом международных турниров 51 Challenge International de Geneve, Luxembourg Euro Meet, серебряным призером Gran Prix Slovakia Bratislava, бронзовым призером Golden Tour Paris;
- в 2018 году стал серебряным призером третьих летних юношеских Олимпийских игр в Буэнос-Айресе (Аргентина) (100 м брассом);
- в 2019 году стал чемпионом международных соревнований Gran Prix Slovakia;
- в 2019 году стал чемпионом и серебряным призером чемпионата Азии в Индии (200 м, 100 м брассом);
- в 2019 году завоевал лицензию на Олимпийские игры 2020 года в Токио (Япония) на чемпионате Мира по водным видам спорта в Корее (1 мин 0,94сек).
За высокие достижения награжден именными часами спикера Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

#Токио2021 #алдыңкыспортчулар #ведущиеспортсмены #Олимпиада

Want your business to be the top-listed Gym/sports Facility in Naryn?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address


Naryn