08/03/2023
Алгачкы жеңиш! 🔥🔥🔥
Бул сезондогу алгачкы беттешибизди Кочкор-Атанын .neftchi.kg клубуна каршы өткөрдүк. Жолдоштук оюнда 3-2 эсебинде жеңишке жетиштик.
#жеңишкекарай
#БКОЛИМППремьерЛига #сезон2023
07/02/2023
Жаңы сезонго даярдыкты баштадык!
Окуу-машыгууларыбызды (“Университет ОшМУ-Алдиер” футбол клубу) “Каганат” футбол клубунун базасында жүргүзүп жатабыз. Азыр жалпысынан Кыргызстан жана Өзбекстандан 30дан ашуун оюнчулар окуу-машыгууда (кароодо) жүрөт. Анын жыйынтыгында, футболчулар курамга тандалып алынат.
Кечээ клубубуздун президенти, ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жаңы түзүлгөн командабыздын мүчөлөрү менен жакындан танышты. Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын директору Тимур Абдуллаев менен академиянын базасын ижарага алууга байланыштуу уюштуруу иштерин талкуулады.
Чемпионаттын 1-айлампасындагы өз үйүбүздөгү беттештерибизди Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев стадионунда өткөрөбүз.
#БКОЛИМППремьерЛига #сезон2023
Кыргызская профессиональная футбольная лига
Ош мамлекеттик университети
07/02/2023
Салам, Достор!
Бул биздин “Университет ОшМУ-Алдиер” клубубуздун инстаграмдагы расмий баракчаcы.
Жаңы сезонго карата даярдыктар, жаңы келишимдер, чемпионаттын жүрүшү, фото/видео маалыматтарды биринчилердин болуп ушул жерден аласыздар.
Биздин колдоп, баракчабызга жазылып, башкаларга да сунуштап коюңуз!
Алга, ОшМУ-Алдиер!
#БКОЛИМППремьерЛига #сезон2023
Кыргызская профессиональная футбольная лига